super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Бишкекте энергетика көйгөйү талкууланды... Кылмышка шектүүнү качырган милиция кызматкерлери камакта калышты

 

Бүгүн, 15-март. Өлкөнүн коомдук, саясий турмушунда бир катар окуялар болду. Мамлекет жетекчилигинин кадамдары, өлкө борборунда жана аймактарда орун алган иш-чаралар... Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз мамлекетинде 120 миллион адамга жетчү энергетикалык ресурс бар, бирок өлкө бүгүн 6 миллион адамды электр энергиясы менен толук камсыздай албай жатат.

Мындай пикирди бүгүн, 15-мартта Бишкекте өткөн парламенттик угууда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Депутат аталган тармактан күткөн үмүттөр акталбаганын, энергетика системиндеги коррупция дагы эле былк этпей жатканын моюнга алды. Мунун себеби деп баягы сөздөр дагы айтылды... Электр энергиясынын дефицити, начар башкаруу, атаандаштыктын жоктугу, ири коррупция, техникалык жана коммерциялык жоготуулар... 2010-жылдан бери айтылат... Депутаттын айтымында, дал ушул кемчиликтерди жоюу үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргени жатат.

Республикада 2016-жылдын январына карата орточо айлыктын суммасы 13 190 сомду түздү. Каржы министрлиги 15-мартта тараткан мындай маалымат окурмандар арасында кызуу талкууга түштү. Көпчүлүгү министрликтин мындай маалыматын "жомок" деп аташып, өлкөдө орточо айлык 5-6 миң сомдон ашпай турганын белгилешти. Орточо айлык акы Эмгек кодексинин 159-беренесинин негизинде аныкталары маалым. Мугалимдердин, жөнөкөй дарыгерлердин айлыгы 10 миң сомго жетип-жетпей турганы да ырас. Өлкөдө 2 миң сом айлыкка иштегендер, айына 60-70 миң сом маяна алгандар дагы бар экенин белгилей кетүү керек.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына кандай көзөмөл жүрүп жатканы тууралуу маалымат алды. Тагыраак айтканда, өлкө жетекчиси 15-мартта башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, аталган багытта прокуратура органдарынын азыркы ишмердүүлүгү тууралуу башкы прокурордун маалыматын укту. Коррупция менен күрөшүү аракеттери тууралуу пикир алышуу орун алганы белгилүү болду. Алмазбек Атамбаев мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо жана мамлекет алдындагы милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мыйзамдардын сакталышы маанилүү экенин белгиледи.

Бишкекте "милиция кызматкеримин" деп шаардыктарды текшерип жүргөн адам (сүрөттө) кармалды. Милицияга шаар тургуну кайрылып, 6-кичи райондо 9-март күнү саат 14:00 чамасында мас абалдагы милиция кызматкери анын өздүгүн тактоочу документтерин сураганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында милиция формасын кийген 34 жаштагы жаран колго түшүп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Ушул эле күнү Жогорку Соттун маалымат кызматы кылмышка шектүүнү качырып жиберген Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери камакта калтырылганын маалымдады. Айыпкерди сот залынан коштоп чыккан күзөтчүлөргө карата “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган. Тагыраагы, кылмышкерди жазага тартчулар өздөрү кылмышка шектелүүдө. Орган кызматкерлери кылмышка шектүүнү автоунаага салып алып үйүнө барышкан. Андан кийин чогуу саунада эс алууга үлгүрүшкөн, бирок айыпталуучу ошол жерден дайынын таптырбай кеткен. Ошондон кийин качканы да, качыргандары да кармалып, учурда камакта отурушат. Ушундай... Мындай окуяларды кыргыздар "карышкырга кой кайтартып..." деп коюшат...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
15.03.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаев эн биринчи электр тармагындагы койгойду чечип,элди арзан баадагы электр энергиясы менен камсыз кылуусу зарыл!!!Жок дегенде ушул маселени чечип берсин карапайым калк учун.Башкага алы жетпесе да озунун балдары Семетей Сейтекке алы жетпейби!!!ЭЛ кыйналды!!!!
15.03.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Орган кызматкерлерибиз ушинтип олтурушса эхх чиркин кайда баратабыз.Акча үчүн баарына даяр болуп калдыкпы,абииириңерди сактасаңар болоор уят...
15.03.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чеченди качыргандарды да камасанар болмок. Батукеевди.
15.03.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоопкечилик деген болуш керекта, анан болгодо дагы абактан качкан неме болсо аны менен саунага барбай. Куйбогон жерден кул болосунда анан.!
16.03.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
форма жарашат экен))
16.03.2016. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн оболу катуу тартип менен башташ керек эле.А биздин бийлик дагы эптеп септеп элди алдоо жолу болуп атат.Жем корлукту эн башынан баштап жоготсо жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: