super.kg logo
  Саясат  

Электр үчүн эмнеге 2 сом 16 тыйындан төлөтүп жатканын өкмөт өкүлдөрү өздөрү билишпейт

 

Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин депутаттары электр энергиясынын тарифтерин талкуулашты. Муну бүгүн, 16-мартта ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев орто мөөнөттүү тариф саясаты 2017-жылга чейин бекитилгенин, керектөөчүлөр көбөйгөнү менен, электр өндүрүүдө мурдагыдай эле 7 ГЭС, 2 ЖЭБ иштеп жатканын билдирди. Алдыда электр энергиясын импорттоо пландалып жатканы айтылды.

Талкууда депутаттар электр энергиясы импорттолбогон учурда тариф 1 сом 38 тыйын болушу керектигин айтып, учурда жарандар эмне үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканын сурап, жооп ала алышпады. Тарифтер 2 сом 16 тыйын деп негизсиз көтөрүлгөнүн белгилешти.

Жыйынтыгында тарифтерге тийиштүү токтомду кайра карап чыгуу жана импорттоло турган электр кубатын эсепке алуу менен тарифтерди тактоо үчүн өкмөткө 45 күн мөөнөт берилди. Ал эми электр энергиясы импорттолбогон шартта тариф эмне үчүн 2 сом 16 тыйын болуп жаткандыгы боюнча так маалыматты комитет кийинки жыйында уга турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: