"Кумтөр Голд Компани" Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдуу тапшырды
2016-жылдын 10-мартында “Кумтөр” компаниясынын медициналык бөлүмүнүн өкүлдөрү Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна ультрадобуштук диагностика үчүн америкалык өндүрүштөгү санарип аппарат жана көп функциялуу бейтаптын керебетин тапшырышты.
Жабдыктарды кайрымдуулук катарында берүү чечими ОҮМБдан өткөн жылдын декабрында келген УДИ аспабын алууга көмөктөшүү өтүнүчүнөн улам “Кумтөр Голд Компанинин” Демөөрчүлүк жардам боюнча комитети тарабынан кабыл алынган. Ал учурда мекемеде ушундай бир гана аппарат иштеп жаткан.
“Кумтөр” компаниясы көп жылдардан бери Каракол шаарындагы ОҮМБ менен тыгыз кызматташып, ал мекемеден алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери туруктуу медициналык изилдөөдөн өтөрүн эске сала кетсек.
"Биздин өтүнүчүбүздү аткарган “Кумтөр” компаниясына чоң рахмат. Каракол шаарындагы ОҮМБ аймактын 40 миңдей жашоочусун тейлейт. Эми бизде алда канча тез жана натыйжалуу иштөө мүмкүнчүлүгү жаралды",- деп ыраазычылык билдирди Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо системинин координатору Эсенбек Сатылканов.
"Кумтөр Голд Компанинин" медициналык бөлүмүнүн менеджери Анара Дөөлөтова "Кумтөр" компаниясы ОҮМБга, ошондой эле облустун райондук медициналык мекемелерине да колдоо көрсөтүү улантыларын белгиледи.
кошулду

Кумтөрдүн расмий аталышы "Кумтөр Голд Компани"
албетте, копейка. копейка болсо да доктурлар суранды, алып берди. башка ким копейкасын берип атыптыр поликлиникаларга, кайсы депутат же министр?
туура айтасың, байкуш эле болдук.
бирок жаңылышасың, кумтөрдө сендей, мендей кыргыз жарандар иштейт. ошолор боор ооруп, ооруканага экинчи узи аппарат тапшырып атат, компаниянын атынан. кумтөрдө иштеген кыргыздарды чет элдик, жамантты дебесең.