super.kg logo

"Кумтөр" 2015-жылы өлкө бюджетине 9 миллиард сомдон ашуун салым кошкон

 

"Кумтөр Голд Компанинин" 2015-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары:

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

2015-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 520 694 унция же 16 195,4 килограмм алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн өндүрүмдүн көлөмү 520 517 унция же 16 189,9 килограмм алтынды түзгөн. Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 604,5 миллион долларды түзгөн.

Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири

КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча:

"Кумтөрдүн" 2015-жылдагы өлкө ИДПсындагы үлүшү 6,8 пайызды;

"Кумтөрдүн" өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 22,5 пайызды;

Экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2015-жылы 39,7 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2015-жылдын 12 айында компаниянын Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулары 123 миллион доллардан ашкан. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдагы 31-декабрына карата курсу боюнча 9 миллиард 373 миллиондой сомду түзөт.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр

2015-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр (салыктар, аффинаж үчүн төлөм, товарлар жана кызматтар алынган үчүн жергиликтүү ишканаларга төлөмдөр, инфраструктура боюнча төлөмдөр, кайрымдуулук жана башка кошуп эсептелгенде) 256 миллион доллардан ашкан. Жалпысынан компания иштеген 1994-2015-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр 2 миллиард 964 миллион доллардан ашкан.

Комментарий

"Кумтөр Голд Компанинин" президенти Даниэль Дежарден компаниянын 2015-жылдагы ишмердүүлүк жыйынтыктарына: "Мен 2015-жылдын өндүрүштүк пландары ийгиликтүү аткарылганын билдирүүгө кубанычтамын. Алтын өндүрүүнүн басымдуу көлөмү төртүнчү чейрекке туура келген өткөн жылдарга салыштырмалуу, 2015-жылы алтын өндүрүү чейрек сайын текши болуп, пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, 2016-жылы “Кумтөр” кенинде өндүрүштүн көлөмү 480-530 миң унция же 14,9-16,5 тонна чамасындагы алтынды түзмөкчү",- деп комментарий берди.

2015-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти компаниянын корпоративдик сайтында: www.kumtor.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
17.03.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
138 милион болуп калатко, доллор менен болгондо
17.03.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurik2103,ошондой болсо да, мындан коп киреше алып келген ишкана жокко? ал салымдан сырткары озунун операуиялык чыгымдары бар, андан сырткары кенди иштетуу учун алган озунун кредити бар, бизнести билбей туруп жаза берген туура эмес
17.03.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кумторду озубуз иштете билгенибизде 10эсе пайда тушот эле
17.03.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulya21,озубуз иштете алсак башынан эле кылмакбызда. андай учун жабдуулар керек, адистер, кредит алыш учун эл аралык ишеним. жаны туруп келе аткан мамлекетке лизингди эч ким бермек эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: