КИНОЗАЛ: "Бир тууганчик" тасмасындагы башкы каармандар тасмада эле эмес, жашоодо да бир туугандай жакын





Комедиялык жанрдагы тасманын режиссёрлору - Асхат Табалдиев, Данияр Болотбеков. Анда Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу, Эланора Аликова роль жаратышкан. Тасмада эле эмес, жашоодо да бир туугандай жакын экендиктерин "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу айтып келишет. Бакыт: "Жеңишти көрөрүм менен эле бул тасмага ылайык келерин байкагам. Андан башка актёр болсо, жеткиликтүү аткара алмак эмес",- деп маектеринин биринде билдирген эле.
Тасма 27 жашында сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун киргизген Бакыт аттуу жигит жөнүндө. Алдыда боло турчу үйлөнүү тою тууралуу кабарлоо үчүн жалгыз гана эң жакын адамы болгон атасына барганда, атасы да үйлөнө турганын угат. Бакыт бир гана өгөй энелүү эмес, Аман аттуу инилүү да болот. Амандын акылы кыска болгону менен, ичинде кири жок, ак көңүл, боорукер жигит. Бакыттын мына ушул жаңы туугандуу болушу менен анын жашоосунда төңкөрүш болуп, жашоосу, жумушу, келечектеги үй-бүлөсү бузулат. Мунун баары кызыктуу окуялар менен коштолот.
Тасманы толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aidai88

20.03.2016. 13:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кино.Бирок.... Ушул кино тарткандар толук кыргыз тилинде чыгарса сонун болмок эле.Жарымы орусча жарымы кызгызча кылып тартпай.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.