Балыкчы шаарына эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод курулат
Балыкчы шаарына эскирген унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетип, жаңы дөңгөлөк чыгаруучу завод курулат. Аталган шаардын мэри Мирлан Бообеков билдиргендей, мындай заводдор дүйнөнүн айрым гана өлкөлөрүндө бар.
“Мындай ишканалар пайда гана алып келет. Экинчиден, бул заводдун экологияга зыяны тийбейт. Буга чейин керектен чыккан дөңгөлөктөр тоодой болуп үйүлүп же таптакыр эле айлана-чөйрөнү булгоо менен өрттөлүп, айрым бир учурларда туш келди эле жерлерге көмүлүп келген”,- дейт шаар башчысы.
Заводдун жабдууларын сатып алуу боюнча Кытай ишкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, керектүү жабдуулар Шанхайдан алынып келинет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

