super.kg logo
  Саясат  

Ольга Лаврова:"Кыргыз агрардык өнөр жай корпорациясынын карызы 472 миллион сом"

 

Кыргыз агрардык өнөр жай корпорациясынын карызы 472 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министри Ольга Лаврова 25-мартта ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Ал аталган министрлик укук коргоо органдарына Кыргыз агрардык өнөр жай корпорациясына бөлүнгөн каражатты кайтарып алуу маселеси менен бир нече ирет кайрылгандыгын айтты. “2009-жылы Биринчи Май районунун прокуратурасына, 2010-жылы Каржы полициясына кат жолдонгон. Андан кийин тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМге тапшырма берилген. 2012-жылдын 17-декабрында ЖКнын коррупцияга каршы күрөшүү комитети бул ишти УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматына тапшырган. Бул маселе боюнча 6-февралда сот корпорация каражатты кайтарып берүүсү керектиги тууралуу чечим чыгарган. Бирок кайтарыша элек”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: