super.kg logo

Издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу кармалды

 

Юруслан ТойчубековКылмышка шектелип издөөдө жүргөн экс-чиновник Юруслан Тойчубековдун уулу Тимур Тойчубеков кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын билдиришинче, кармалган жаран алдамчылыкка шектелип, Интерполдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн өтүнүчүнүн негизинде колго түшүрүлдү.

Ал "орусиялык банктардын биринен мыйзамсыз ири суммада акча алган" деп айыпталууда. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалыматка таянсак, компаниялардын биринин жетекчиси Тимур Тойчубеков башка компания менен биргеликте жылдык 12 пайыздык үстөгү менен 500 миң доллар насыя алууда орусиялык банктардын бирине жалган маалыматтарды көрсөтүп, өзүнүн компаниясына караштуу жер тилкеси менен акцияларын күрөөгө коюшкан. Банктан тийиштүү сумманы алары менен эки компаниянын башчысы (Т.Тойчубеков менен шериги Ч.Т.) "насыя боюнча келишим жараксыз" деген Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберишкен.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Кылмышка шектүүнүн атасы, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков "кызматта турганда компаниялардын бирине мыйзамсыз күбөлүк берген жана пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошоткон" деп айыпталып, учурда эл аралык издөөдө жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
17.03.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жазалаш керек
17.03.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Что то болушуулор башталды окшойт. Бул бир оюн сыяктуу. Бизнес, доля болушпой коюшту да. Жанылыктар дагыы толук жазылбайт- кредитти толобой коюшуптурбу, же бир нерсе уурдап алышыптырбы?
18.03.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайжактан кармалды ошондо?
18.03.2016. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласында эмне куноо озун кармагыла
18.03.2016. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
alas,Баласында эмне куноо бар экени жазылып турбайбы тушунуп окусан
18.03.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасынын баласы экен да.Атасы кайда экен аны таппай журушот
18.03.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доля бербей койгонго
18.03.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек бизнесин да ушуга тиешеси бар экен деп уккан болчумун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: