КИНОЗАЛ: Милиция кызматкерлери тууралуу алгачкы кыргыз киносу - "Участковый"








"Кинозал" бөлүмүндөгү тарбиялык мааниси жакшы тасмалардын бири - комедиялык детектив жанрындагы "Участковый" тасмасы. Тасма 2013-жылы тартылган. Режиссёру - Санжар Абдыжапаров. Башкы каармандардын образдарын Эркин Үсөнбаев, Аскат Сулайманов, Нуриза Сабыржанова жаратышкан.
"Участковый" тасмасы – милиция кызматкерлери тууралуу алгачкы кыргыз киносу. Тасмада чындык алдыга коюлуп, "погончондорду" уяткара турган дагы, сыймыктандыра турган дагы окуялар камтылган. Анда ИИМ академиясынын бүтүрүүчүсү, шаарда чоңойгон Эркинди чоң атасы эл-жерин таанысын деп Бакан-Тоо айылына, аймактык тескөөчү Саламаттын жардамчысы кылып жиберет. Чоң атасы отставкадагы генерал болгондуктан, анын тааныштары аркылуу дароо чоң кызматка отурам деген Эркин алгач айылга баргысы келбейт. Алдыда аны милициянын жумушундагы кооптуу абалдар, айылдагы көйгөйлөр жана чоң сүйүү күтүп турган эле.
Эркин сыноолорду кантип жеңип чыгат? "Милиция жакшы иштесе, кыңыр иш дароо билинет" деген ураанды карманган милиция кызматкерлери кандай иш алып барышат? Суроолорго фильмде жооп бар.
Тасманы толугу менен бул жерден көрсөӊүз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aipri

18.03.2016. 16:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
оо Турсунай молодец.
macho90

19.03.2016. 03:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эй суперчилер жаны кинолорду чыгаргылачы бул киного эки жыл болду окшойт чыкканына.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.