super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 75 жашын белгилейт

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Дарика Жалгасынова 75 жашын белгилемекчи.

Дарика Жалгасынова 1941-жылы 20-мартта Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган. Чыгармачылыкка 1966-жылы Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетин бүткөндөн кийин келген. Опера жана балет театрында Дарика Жалгасынованын эмгек жолу башталып, ал жакта 1978-жылга чейин иштеген. Сахнада театрды түптөгөн Бейшеналиева, Кийизбаева сыяктуу улуулар, Малдыбаев, Жумакматов, Давлесов, Молдобасанов сыяктуу шумкарлар менен бирге ырдап такшалган. Жалпысынан искусствого 45 жыл кызмат кылган.

Дарика Жалгасынова опера ырчысы гана эмес, акын катары да белгилүү. Баш-аягы 5 китеп жаратып, акыркысы "Триумф жана трагедия" деп аталат. Ал театр өнөрүнүн устаттары тууралуу 600 беттүү көлөмдүү чыгарма. Анда 20-кылымда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында, Кыргыз улуттук филармониясында, Кыргыз драма театрында эмгектенген улуу инсандар жөнүндө сөз болот.

20-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.03.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туулган кунунуз менен!Ден-соолукта,бактылуу болунуз,коп жашаныз!
21.03.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эженин чыгармачылыгын жакшы көрөм, өзүн дагы. Сулуу, сымбаттуу, ажарлуу айым, аялзатына таандык касиеттерди ушул эжеден көрөм...
Кутман курагыңыз кут болсун!
26.03.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ежеге узун өмүр,бактылуу жашоо жар болсун,бардык жагынан бийык касыйеттерыңыз менен елыбыздын урматына бөлөнө берыңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: