7-апрель окуясы боюнча дагы 65 адам сурала элек
2010-жылдагы 7-апрель окуясынан жалпы 320 адам жабыр тарткан, алардын ичинен 40 адам жана 25 күбө сотто сурала элек. Бул маалыматты
бүгүн, 26-мартта аталган окуя боюнча өтүп жаткан сот жыйынында мамлекеттик айыптоочу Рыскул
Бактыбаев айтты. “Кошумча
күбө катары сурала турган адамдарды чакырып бүткөндөн кийин гана эксперттердин
жыйынтыгын уксак жакшы болмок”,- деди Бактыбаев. Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу
Осунбек Жамансариев сотто сурала турган кээ бир адамдар абакта
отурганын айтты. Мындай билдирүүгө сотко төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков “Эгерде көрсөтмө
бере турган адамдар соттолгон болсо, аларды бул жерге алып келе алабыз”,- деди.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.