super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-МАРТ: Мындан 101 жыл мурун кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов туулган

 

Мындан 101 жыл мурун, 1915-жылы 21-мартта кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган.

Алыкул Осмонов - кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган. Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш ленинчил" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери", "Ата Журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.

Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мыкты котормочу экенин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" ж.б. авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон. Бир нече драма жараткан. Кийин Алыкул Осмоновдун көптөгөн ырларына обондор жаралды. Улуу акын Ардак белгиси ордени менен сыйланган.

Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган.

21-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.03.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо алыкул,алыкул,
кыргызыма бир жаралдың.емы кайра жаралбассың!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: