super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Нооруз майрамында адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотушат" (куттуктоо сөзү)

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз жарандарын Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

"Кымбаттуу мекендештер!

Баарыңыздарды улуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Нооруз – тарых сыяктуу эле узак жана терең, ал - табият менен адам тиричилигинин ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы. Күн менен түн теңелип, өмүрдөгү жаңы көктөмдүн башаты саналган бул майрамда адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотуп, бири-бирине жакшы сөз менен жаркын маанай тартуулашат, дасторконуна берекесин жайнатышат. Бул күн - түгөнбөс түйшүктөрдөн бир саам эсибизди жыйып, “Өмүрдүн маңызы эмнеде?” деген суроого жооп издей турган учур.

Быйылкы Нооруз майрамы мамлекетибиздин эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгени менен өзгөчө. “Мээнеттен күчтүү дарман жок, мезгилден күчтүү балбан жок” деп “Манаста” айтылгандай, бул кыска аралыкта кыргыз жарандары кылымга тете процесстерди башынан кечирип, эли да, коому да, мамлекети да таанылгыс өзгөрдү.

Кыргыз эли, кыргыз жарандары руханий кайра жаралууну башынан кечирүүдө. Ата-бабаларыбыздын мыкты салттары менен жөрөлгөлөрү кулач жайып, өткөн тарыхыбызга кайрылуу жанданды. “Мен – кыргызстандыкмын!” деген сыймыктануу сезими жүрөгүбүзгө ширелүүдө.

Улуу Нооруз элибизге күч-кубат берсин, өмүр гүлүн чачсын. Кыска өмүрдү нускалуу, маңыздуу жашап, жакшылыктарга толтуралы".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: