super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Өлкөдө Нооруз майрамы белгиленди... Кыргыз-өзбек чек арасында турушкан аскерлердин саны азайды...

 

Бүгүн, 21-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Чек ара нааразычылыгы боюнча кыргыз тараптын нотасына расмий Ташкент жооп кайтара элек. Төрт күндөн бери кыргыз өкмөтү жооп күтүүдө, Өзбекстандын жооп кайтарары же кайтарбасы азырынча белгисиз. "Нооруз майрамына карата коопсуздук күчөтүлдү" дегени чын болсо, өзбекстандык чек арачылар бүгүн-эртең аскердик техникалары менен кошо аймактан чыгып кетиши керек.

Өзгөрүүсүз турган кырдаал 21-мартка карата кичине өзгөрдү... Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин Чала-Сарт аймагында турган аскерлердин саны кыскарганы, учурда эки жактан 8ден гана аскер калганы маалымдалды. Төрт күндөн берки жалгыз өзгөрүү ушу... Абал туруктуу, бирок курч бойдон калып жатканын жергиликтүү жашоочулар, активисттер айтышууда. Мындай кырдаал качанга чейин созулары бүдөмүк...

Бишкек, Нооруз майрамыӨлкө жарандары бүгүн Нооруз майрамын белгилешти. Жер-жерлерде жаз майрамынын символу - сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар, концерттер өттү. Аймактык администрациялардын жетекчилери майрамдын алкагында куттуктоолорун айтышып, кыргыз мамлекетине тынчтык, элге биримдик, ынтымак каалашты. Борбор шаардын тургундарынын маанайы жакшы.

Сейил бактарда, шаар көчөлөрүндө Нооруздун илеби байкалып, жаш балдардан тарта аксакалдарга чейин көңүлү куунак. SUPER.KG порталынын кабарчылары бүгүн шаардыктардын жана аймак жашоочуларынын майрамдык маанайын башкалар менен бөлүшүү кызматында болушту. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Аксы районунда да майрам жакшы маанайда белгиленди... Майрам - тынчтыктын жарчысы жана жемиши.

Кадыр МаликовБелгилүү диний эксперт Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келингенин Ички иштер министрлиги билдирди. Аны Кыргыз Республикасына ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп келишип, кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да экстрадициялоо маселеси каралып жатканы айтылды.

Маликов "Ислам мамлекети" тобунун аракеттерин ачык сындаган адистердин бири. Өзүнө кол салууну эксперт диний ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кылмышкерлердин мыйзамдуу жоопко тартылышын талап кылууда.

Шектүү жаранОш облусунда чагымчылдык кылып, интернет түйүндөрүнө маалымат тараткан жарандар кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Ош ОИИБинин билдиришинче, 20-мартта интернет желесине элди Аксы районуна барууга чакырык жасаган 59 секундалык видео жарыяланган.

Анда жашы 25-30 жаштагы кыргыз улутундагы жаран унаасында бара жатып Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин чечүүгө элди үндөгөн. Тасманы тарткан жана тартылган адамдар сурак беришүүдө.

Өлкө жетекчилиги жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуулукка чакырууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
21.03.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аксыга баргыла деп туура эле айткан. Анан оозубузду ачып отура берелиби ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-22 11:40:39
22.03.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eduardali - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
21.03.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсы беттери менен сурак алып атышат, булар деген емне ойногону бардыбы, еки кундон бери жогорудагы ашкабактардан майнап чыкпагандан кийин Айла жок чыгышты да,Кантип чыдап отурушат ошол креслолордо жузу жоктор, канчалаган карапайым ел кыйналып келе жатат бул бети жокторго даже жаман созду ыраа корбойм
21.03.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек ара эммне болду? Чыгарабы озбек салдаттарын? Же ушинтип алдырып ийебизби? Жооп беришсин.
21.03.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды суркылгыча ошол чек ара маселесин чечпейсинерби
21.03.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айттым го биз ушинтип озубузго озубуз кыйынбыз 2кун куттум ошол сурак кылгандардын уну чыктыбы.Жок тескерисинче бир жерин кысып жатышты бул жигиттер деген элдин духун которуп куйунду.Силерчилеп басып жаткан жок
22.03.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын аброю тушту го бут элге кеп кетти булар мамлекеттин сактай алышбайт деп,биз качанга чейин суйунуп олтура беребиз солдаттары азайып калды деп алар кетсе кетсин биз эмне учун келе беришибиз керек алар жерди басып алып анан жыргап-куунап майрамдап журушот а биз оозубузду ачып келе берсек дуйнолук денгээлдерде аброюбуз тушуп мындан ары дагы ушундай корунуштор боло бермекчи коншу олколор Казакстан,Тажикстан,Кытай мамлекеттери да бийлик алсыз деп биздин олкого жер учун кадам таштаарын билели
22.03.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitpaaim - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо, сунуштар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: