super.kg logo

КИНОЗАЛ: "Белгисиз маршрут" тасмасы ачуу чындыкты көрсөтүп, келечек тууралуу ойлонууга мажбур кылат

 
SUPER.KG'нин "Кинозал" бөлүмүндөгү комедиялык жанрда тартылып, бирок ачуу чындыкты көрсөткөн, адамды келечек тууралуу ойлонууга мажбур кылган тасма - "Белгисиз маршрут" тасмасы. Анда жүргүнчүлөр аркылуу бир өлкөнүн тагдыры, андагы коомчулук, келечекке болгон ишеним чагылдырылат. Тасманын режиссёру - Темир Бирназаров. Тасмада Дүйшөн Байдөбөтов, Эгемберди Чалабаев, Күмөндөр Абылов, Асылбек Өзүбеков, Бакыт Мукул, Жылдыз Сегизбаева, Табылды Актанов сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Буга чейин режиссёр Темир Бирназаров: "Белгисиз маршрут" сыяктуу мамлекеттик кинонун башкы максаты – жалпы коомго тиешелүү олуттуу маселени көтөрүп чыгуу, аны көрүүчүгө жеткире билүү. Мен улутумду сүйгөн адаммын, андыктан бул тасма аркылуу улут маселесин көтөрүп чыгууну чечтим. Биз ар бирибиз ар башкачабыз, мүнөздөрүбүз, көздөгө­нү­бүз, тилектерибиз. Кээде өз максатыбызга жетүү үчүн чыккынчылыкка, сатууга барабыз. Бирок териштире келсең эле баарыбыз бир тууган болуп чыгат экенбиз. Көрүүчүгө жеткирейин дегеним – ынтымак, анын күчү жана улутубузга зарылдыгы",- деп бизге берген маектеринин биринде билдирген эле.

21 жүргүнчүсү бар айылдык автобус туман каптап турганда Келечек айылын көздөй алыс жолго чыгат. Күлкү менен ый, уруш-талаш менен жалпы кубаныч коштогон жөнө­көй эле сапар бир чоң окуяга айланат. Ызы-чууга түшкөн жүргүнчүлөр­дү Үмүт аттуу жигит ын­ты­мак­ка чакырып, автобусту бирге түр­түп чыгарууну сунуштайт. Көпчүлүк жаш жигитке ишеним артабы же ызы-чуу уланып, көздөгөн дарегине жетпей калышабы? Суроого тасманы көрүп, жооп алсаңыз болот.

Тасманы толугу менен бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.03.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура... Сонун кино!Мааниси терен!
26.03.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соңгу 20жыл ычынде жаралган ең мыкты тасма .кайталап көрөберем.катышкан актирисаларга алкыш!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: