Каржы министрлиги сүзүү көлмөлөрүнүн кызматын 230 миң сомго сатып аларын жарыялап, кайра жокко чыгарды

Каржы министрлиги сүзүү көлмөлөрүнүн (бассейн) кызматын 16-мартта 230 миң сомго сатып аларын мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтына жарыялаган. 2 күн өткөн соң, 18-мартта сынакка катышуучуларды кабыл алууну токтоткон. Аталган министрлик бул кызматты кандай максатта жарыялап жана эмне себептен кайра жокко чыгарышканы тууралуу маалымат бере элек.
Бул суроолор менен министрликке кайрылганыбызда жакынкы арада расмий жооп берилерин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

