super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Кызыктар жана кыйынчылыктар менен тартылган Руслан Абыловдун "Кайдасың?" клиби

 

"Медиа-порталдагы" жаңы клиптердин бири - Руслан Абыловдун "Кайдасың?" клиби. Режиссёру - Улан Шеркулов. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаш ырчылардын бири Руслан Абылов клипти тартуудагы кызыктар жана кыйынчылыктар тууралуу буларга токтолду:

"Клипти тартууда көп эле кызыктар болду. Мисалы, Бишкекте канаттуулар сатылчу дүкөндөн көгүчкөн таба албай койдук. Көрсө, көгүчкөндөр сатылбайт экен. Акыры бирөөдөн суранып жатып алдырдык. Аны тапкандан кийин даракта конуп отурган жеринен кадр ала албай кыйналдык. Токойдо кыз чуркайт эмеспи, кыштын күнү суук болуп, кыз улам көйнөгүнө чалынып чуркай албай бир топ убараланды.

Кыскасы, көптөгөн кыйынчылыктар менен, бир топ каражат коротуп, клипти 3 айда тартып бүттүк. Эл назарына коюлгандан кийин "клип жакшы, өзгөчө болуптур" деген жылуу пикирлерди угуп жатабыз. Токойдун арасында тартылгандыктанбы, тиги же бул клипке окшош экен дегендер да жок эмес. Бирок клипти тартуу идеясынын 70 пайызы режиссёрго, ал эми 30 пайызы мага таандык. Андыктан плагиат эмес деп айта алам".

Клипти толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: