super.kg logo

КИНОЗАЛ: "Раззаков" тасмасында Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду табуу кыйын болгон

 
"Кинозал" бөлүмү белгилүү мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр бейнесине арналып тартылган тарыхый, биографиялык "Раззаков" тасмасы менен толукталды. Режиссёру - Алим Токторов. Анда баш каармандардын образдарын Алим Токторов, Гоча Бекаури, Алымкул Исаков, Бекболсун Рахманкулов өңдүү актёр-актрисалар жаратышкан.
Фильмдин автору, режиссёру, продюсери жана башкы каармандын ролун аткарган Алим Токторовдун айтымында, Исхак Раззаков жөнүндө тасманы тартуу идеясы 5 жыл мурун жаралып, ал эми аны ишке ашырууга 3,5 жылдык эмгек жумшалган. "Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду издөөдө бир топ кыйынчылыктар болгон. Грузияга барып актёрлорду издегенбиз. Жыйынтыгында Сталиндин ролун кыргыз жериндеги Грузиянын диаспорасынын башчысы Гоча Бекаури аткарды. Мындан тышкары тасма тарыхый болгондуктан, советтик унааларды, кийимдерди табуу оор болду",- деп бизге берген маектеринде билдирген эле.

Тасма Сталиндин кадры аталган Исхак Раззаковдун 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жогорку кызматтарында иштеген учуларындагы айрым тарыхый олуттуу окуяларды сүрөттөйт. Сталин менен болгон жолугушуулары, ошол кездеги жогорку кызматтарда иштеген инсандардын образдары, бала чагы, аялы Рауза менен болгон күтүлбөгөн окуя, каршылаштарынын аны кызматтан кетирүүгө болгон аракеттери жана ошол жылдарга мүнөздүү болгон буюм-тайым, унаалардын фильмде көбүрөөк тартылышы көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт.

Тасманы толугу менен бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
23.03.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун инсан Эн сонун ишмердик жол
23.03.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркыдай кыргыз элинин башына мушкул бир иш тушуп турганда, бийлик Исхак Раззаковдой мекенчил , акылдуу, кучтуу ж-а чечкиндуу саясатчыга муктаж болуп турат...!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: