super.kg logo

Таш-Көмүр, Күрп-Сай суу сактагычтарынан 90-100 метрлик торлор табылып, мыйзамсыз балык уулаган жаранга 20 миң сомдон ашуун айып салынды

 

2016-жылдын март айында балык корлорун коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда Таш-Көмүр, Күрп-Сай суу сактагычтарына суу үстүнө белгисиз бирөөлөр тараптан балык кармоо максатында мыйзамсыз салынган 8 даана ар кандай өлчөмдөгү тор жыйналып алынды. Жыйналган торлордун жалпы узундугу 90-100 метрди түзөт. Жыйналып алынган 8 даана тор суу жээгинде өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда кайырмак менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну Алижан уулу Фурхат төрт даана маринка балыгы менен кармалды. Ага карата протокол түзүлүп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 145-беренеси боюнча 20 200 сом өлчөмүндө айып салынып, азырынча 10 миң сому өндүрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.03.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торт балык учун 2200 сом эми эч ким балык кармабайт ошол жерде,бизде закон карапайым элге келгенде иштеп кететта.
23.03.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо чон иш кылып коюпсунарго жакшы 4 балык учун он он беш жылга кесип салбапсынар байкушту миллиондорду уурдагандарды жон эле актап саласынарго бул байкуш да карапайымда ошол учун закон иштеп кеткен коруктарда кызыл китепке кирген жаныбарларды аткан акчалууларга эмнеге закон иштебейт???????????????
23.03.2016. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнее? 4 балыка 20200 сом? Эмне алтын балыктар бекен ? Тиги тор жайгандарды кармап ушунча суммада штраф толотсонор болбойбу? Ой тообааа мамлекетибиз эмне эле болуп баратат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: