МЕДИА-ПОРТАЛ: Темир Назаровдун "Апакебай" клиби көрүүчүнүн апасынын ал-абалын сурашына түрткү болуу үчүн тартылган





"Медиа-порталдагы" энелерге арналган жаңы клиптердин бири - Темир Назаровдун аткаруусундагы "Апакебай" ырына тартылган клиби. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду:
"Мирлан Ниязовдун сунушу менен ушул ырды ырдап калдым. Бул ырды Ильяз Абдыразаков бир эле жолу ырдаган, ушунчалык берилүү менен ырдагандыктан, ырды угарым менен эле жактырдым. Эне менен баланын сүйүүсүн клипте жөнөкөй кадрлар аркылуу жеткирүүнү көздөдүк. Аны тартып жатканда максатыбыз клип аркылуу популярдуу болуу эмес эле. Ырды угуп, клипти көргөн ар бир адам "Бүгүн апама телефон чалдымбы, ал-абалын сурадымбы?" деген ойдо калышын, эненин мээрими, сүйүүсү бийик экенин көрсөткүбүз келди".
Клипти толугу менен бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.