super.kg logo

Ош шаарынын борбордук аянтында ички иштер органдарынын өздүк курамынын жалпы гарнизондук бөлүштүрүүлөрү болуп өттү (фото)

 

Кечээ, 22-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында ички иштер органдарынын өздүк курамынын жалпы гарнизондук бөлүштүрүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Гарнизондук бөлүштүрүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, КРнын ИИМинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кылычбек Жолдошев, Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Рысбек Момбеков, ошондой эле шаардык, облустук жана аймактык ИИБдин кызматкерлери, Патрулдук кайгуул-милициясынын, Атайын ыкчам тобунун кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү катышышты.

Иш-чара өздүк курамдын сезондук форма кийимине өтүү, күчтөрдү жана каражаттарды уюштуруу жана бирге кызматташуу, Ош облусундагы шайлоо убагында коомдук тартипти сактоо максатында өткөрүлдү.

Ошондой эле шайлоо маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого укук коргоо органдарына 2 миңдей жарандык ыктыярчылар жардамдашат. Гарнизондук бөлүштүрүү маалында өздүк курамга азыркы кырдаал, сот жана тергөө иштеринен качып, издөөдө жүргөндөр тууралуу маалымат берилди. Иш-чара салтанаттуу марш менен аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
23.03.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не бтр танка деген жокпу
23.03.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ernis.Kadyraliev, Гарнизондук текшерууго БТР,танка алып чыкбайт.
23.03.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
студентерди, озунун залындагы спортсмендерди алып келип элдик кошун кылган Суйун Омурзаков го баракелде!!!
23.03.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
БТР Танкалар Армияда болот,милицияда эмес.
23.03.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын баарын чек арага алып барышпайбы? Уйдо баатыыр жоодо жок болушпай. Оппозициянын митингине 3000 милиция чек арада 30 солдат.
23.03.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинге даярданып атышат азыр тундо БТР журот площадга кетип атат БТРлер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: