super.kg logo

Бишкекте "ЖинМэн" комедиялык тасмасынын бет ачары өтүүдө

 

Бүгүн, 23-мартта борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "ЖинМэн" комедиялык тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, кыргыз элине белгилүү өнөр адамдары, чакырылган коноктор жана шаар тургундары катышууда. Залда элдин көбүнөн бут коёрго жер жок, алар тикесинен тик туруп көрүп жатышат. Алып баруучу Бакыт Байсариев тамашалары менен көрүүчүлөрдү күлдүрүп жатты.

Тасманын экинчи режиссёру Эрмек Исмаилов фильм тууралуу буларды айтты:

"Учурда көп тасмалар тартылып жатат. Албетте, баары жогорку деңгээлде тартылбайт. Кино тармагында мындай нерсенин болгону жакшы, себеби сапаттуулары иргелет, улам жакшы тасмалар тартыла баштайт. "ЖинМэн" комедиялык тасмасы көрүүчүлөргө жагат деп үмүттөнөбүз. "Эл - тараза, эл - сынчы" дегендей, бүгүн эл назарына коюлду".

Ал эми башкы каармандын ролун жараткан Нурсултан Алибековдун бул дебюттук ролу. "Тасмада көпкөн, шок баланын образын жараттым. Буга чейин жарнамалык түрмөктөргө эле тартылганым болбосо, тасмага тартылган эмесмин. Образымды көрүүчүгө жеткире алдым го деп ойлойм. Өзүм да көрө элекмин, кандай ойногонубузду көрүүчүлөр менен чогуу байкайбыз",- деди Алибеков.






"ЖинМэн" комедиялык жанрындагы тасма жарыкка чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.03.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"ЖинМэн"... аталышы шумдук... Эмне деген сөз, эмне деген маани болду экен, жаңы сөзбү...
SUPER.KG видео
25.03.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Дос балам коруп келди айтумунда озбектерди туурап тартышптыр ал эми озбектер инддус киносунан туурап тарткан экен
Медиа-портал
25.03.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз анчалык деле онугуу жок кино жаатында!Бизде компютерди мыкты билген жеп ичкен адам керек! ВИЗУАЛЬНЫЕ ЕФФЕКТ бизге еми келет буюрса! Типа MArvel studio
SUPER.KG видео
27.03.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек жана Индиянын кайсы кинолору , билсенер айтып койгулачы
SUPER.KG видео
27.03.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: