super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев чек ара маселеси чечилбесе, 3 айдан кийин Ташкентте өтүүчү саммитке барбай турганын айтты

 

Бүгүн, 24-мартта журналисттер менен жолугушуусунда Алмазбек Атамбаев Өзбекстанда өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине барбай турганын билдирди.

"Эгер чек арадагы кырдаал азыркыдай кала берсе жана бизге карата ушул сыяктуу мамиле улана берсе, мен Ташкентте өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына кантип барам? Эл эмне деп ойлойт? Эл мени мындан кийин сыйлабайт",- деп аталган иш-чарага барбай турганын түшүндүрдү.

"Чек арадагы талаш жерлер күч менен чечилбеш керек. Өлкөбүздүн башчылары өзбек жетекчилеринин алдында тизелеп жүргөн күндөр артта калды! Эми мындай болбойт! Мен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын жана элдин талаптарын гана ойлойм".

Айта кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити 2016-жылдын 23-24-июнунда Өзбекстандын борбору Ташкентте өтмөкчү. Аталган уюмга Казакстан, Кытай, Кыргыз Республикасы, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.






Алмазбек Атамбаев: “Биз согушту баштабайбыз, бирок жооп бергенге даярбыз”

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: