super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Булбулум" ыры кыргыз эстрадасынын жаңы доорунда Омардын аткаруусунда хит болуп, клипке Элмирбек Иманалиев тартылган

 

"Төкмө акын болгонго чейин жазма акын болгом" деп тамашалаган Элмирбек Иманалиевдин калеминен жаралган "Булбулум" аттуу чыгарма көп ырчынын аткаруусунда хит болгон. Ырчылардын кийинки муунунан бул ырды Омар хит кылды. Буга Омардын аткаруусундагы бул чыгарманын "Медиа-портал" бөлүмүндө эң көп угулган ырлардын катарын толуктаганы далил. Ырдын клиби да эң көп "плей" басылган клиптерден болду. Ырчы клипке ырдын авторун кантип тартканын жана анын мазмунун айтып берди.

"Клипте бир акындын жаштык кезин, сүйүүсүн эстеп, ыр жазып отурган образын берүүгө аракет кылдык. Элмирбек Иманалиевдин талантын сыйлап, баалап, аны даңазалоо максатында башкы каармандардын бири катары клипте көрсөттүк. "Акындын образын жаратып бериңиз" деп сурансак, Элмирбек агай дароо макул болду",- дейт ырчы.

Ырчы Омардын "Булбулум" ырына тартылган клипти толугу менен бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: