super.kg logo

Ош жана Бишкек шаарларында Тарых жана маданият жылынын алкагында этнофестиваль өтөт

 

14-15-май күндөрү Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында этнофестиваль өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы облустардан жүздөгөн катышуучулар фестивалда өздөрүнүн чеберчилигин элге тартуулашат. Иш-чара облустук борбордук аянтта өтүп, музыкалык топтор белгилүү чыгармаларды этникалык багытта аткарышат. Ошол эле жерде атактуу дизайнерлер "Заманбап стилдеги этникалык мотивдери", "Сахнанын
этнокийими", "Аймактык салттуу кийим" номинацияларында эмгектерин көрсөтүшөт.

Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта улуттук тамактар боюнча фестиваль орун алат. Анда ар бир тургун кыргыз өлкөсүндө жашаган элдердин улуттук даамдарынан ооз тие алат. Ал эми облустук театрда искусство жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтөт. Ал жактан коноктор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чеберлердин өнөрлөрү менен тааныша алышат. Көргөзмөгө Лейлекте токулган килемдер жана Алайда жасалган таарлар коюлат. "Алымбек датка" этнокомплексинде өлкөнүн түштүк облустарынын салттарынын фестивалы болот. Анда коноктор ата-бабалардын маданияты жана жашоосу менен тааныша алышат. Фестиваль борбордук аянтта кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен аяктайт.

Иш-чара өлкөдө жашаган улуттардын маданиятын жайылтуу максатында уюштурулуп жатат. Жеңүүчүлөр уюштуруучулардан белектерге ээ болушат. Ошондой эле мыкты деп табылган номерлер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көрсөтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында мындай фестиваль июнь айында өткөрүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: