super.kg logo
  Саясат  

Дубайда кармалган Адил Тойгонбаев күрөө менен бошотулду

 

2005-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев 2016-жылдын 6-мартында Дубайда кармалып, күрөө менен бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Анын айтымында, Тойгонбаевдин качан бошотулганы Дубайдын расмий маалыматында белгиленген жок. "Казакстандын жараны Адил Тойгонбаев кыргыз тараптын суроосу менен Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлгөн. Тиешелүү материалдар Дубайдын Башкы прокуратурасына берилди",- деди Сүйөркулов.

Эскерте кетсек, өлкөбүздүн биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы Адил Тойгонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүүдө: алдын ала макулдашуулар боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык, салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн баш тартуу, уурулук. 2005-жылдын август айында КРнын Башкы прокуратурасы Адил Тойгонбаевди камакка алууга буйрук чыгарып, бирок ал кыргыз жеринен качып кетүүгө үлгүргөн.

Адил Тойгонбаев 2014-жылдын 9-февралында Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып, 11-февралда бошотулган. 15-февралда ал экинчи жолу кармалып, 17-февралда чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: