super.kg logo

Ош. Акыркы беш күн аралыгында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылуу боюнча 3 факт катталып, 14 жаштагы кыз каза болду

 

Ош шаарында 20-25-март аралыгында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылуу боюнча 3 факт катталды. Натыйжада 14 жаштагы кыз каза болуп, экөө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG`ге Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү 14 жаштагы кыз өз үйүнүн короосундагы сарайга асынып каза болду. Кыздын ата-энеси ал эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүрө алган эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 22-март күнү 19 жаштагы М.А. аттуу кыз дары ичип, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыздын жакындары ал дарыны кокустуктан ичип алганын билдиришкен, учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми 23-мартта саат 10:35 чамасында шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө уксус ичип алган Жапалак айылынын 28 жаштагы тургуну түшкөн.

2015-жылы Ош облусунда 17 өзүн өзү өлтүрүү фактысы катталган. Алардын ичинен 14ү жаш балдар, иликтөө иштеринин алкагында 8 баланын ата-энеси коңшу өлкөлөргө иштегенге кеткендери аныкталган. Ал эми Ош шаарында былтыр 31 өз өмүрүнө кол салуу фактысы катталып, алардын бири жашы жете элек өспүрүм болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.03.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыска ойлук кылышыптыр да
25.03.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору кыйналат жакында менин да аялым уксуз ичип алып аран сактап калдык.
25.03.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр женил ойлуулук куч алууда ата-энеси чет жакта тарбия жетишбей жатат 2-3 жаштагы балдар бар жокту билешет эрке остуруп жатабыз суицидке барышына интернет телефон телевизорлор ужас кинолор себепкер туура пайдалуу нерселар жокко эсе олсом кутулам деген женил ойлойбуз.Бул дуйного бир жолу келебиз го келечегибиз алдыда биз корбогон биз басып отбогон жол канча...ошону тушунсок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: