КИНОЗАЛ: "Ишен" тасмасында шайлоодо ар бир добуш маанилүү экенин элге жеткирүүнү көздөдүк" дейт тасманын режиссёру






"Медиа-порталдагы" лирикалык комедия аркылуу чындыкты көрсөткөн тасмалардын бири - "Ишен" тасмасы. Режиссёру - Азамат Арыков. Башкы каармандардын образдарын Азамат Уланов, Эржан Осмонов, Марат Алышбаев, Улан Өмүралиев, Нишанбай Топчубаев, Айсалкын Осмонова, Чоро Думанаев, Табылды Актанов сыяктуу актёр-актрисалар жаратышкан.
Тасманын режиссёру Азамат Арыков фильм тууралуу буларга токтолду:
"Тасмада билимдүүсү деле, билимсизи деле шайлоого катышып, элге толтура убада берип, бийликке жеткенден кийин айткандарын унутуп койгону көрсөтүлөт. Анда роль жараткандардын 95 пайызы профессионал актёр-актрисалар. Тасма тартууда табият да бизди колдоп жаткандай эле болду окшойт. Себеби күн бүркөк абал керек болсо, бүркөлүп, жамгыр жааган учур болсо, жамгыр жаап дегендей. Кыска убакыттын ичинде шыр тартылган тасма болду. Мурун эч мындай болчу эмес.
Максатыбыз тасма аркылуу пайда табуу эмес болчу, тескерисинче, шайлоодо ар бир добуш, тандоо маанилүү экенин элге көрсөткүбүз келген. Тасма тартылып бүткөндөн кийин мамлекеттик телеканалдардын биринде бир жумада 5-6 жолу кайра-кайра көрсөтүлдү. Эл да аябай жакшы кабыл алды. Демек, максатыбызга жеттик".
Тасмада парламенттик шайлоо чагылдырылып, анда айыл өкмөтүндө болгон окуялар көрсөтүлөт. Шайлоо алдындагы ыплас күрөш, саясатчылардын куру убадалары элеттик окуучунун көзү менен каралат. Негизги айта турган ой - добушту акчага сатпоо.
"Ишен" тасмасын толугу менен бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
eldar.

25.03.2016. 18:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты тасма.
Akzholtoi

25.03.2016. 19:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кино! Лично мага жагат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.