super.kg logo

Борбордо батирлерди тоноо жана каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

 

Борбор калаада батирлерди тоноо жана каракчылык менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаада батирлерди тоноо менен алектенген 5-6 адамдан турган топ тууралуу маалымат түшкөн. Аталган кылмыштуу топтун Бишкек жана Чүй облусундагы катталган каракчылык фактыларына да тиешеси бар экени аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун 22 жаштагы А.Т., мурда соттолгон 36 жаштагы С.М., 37 жаштагы К.В., Жалал-Абад облусунун мурда сот жообуна тартылган 18 жаштагы С.А. жана 20 жаштагы А.Н. аттуу тургундары кармалган. Топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаадан күмүш шакек, сөйкөлөр жана 9 миң рубль табылган. Ал эми С.М. жана С.А. аттуу жарандардын жанынан баңгизат жана тапанча чыккан.

Бишкек ШИИББи бул жарандан жабыркагандар болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0554) 10-23-02, (0555) 10-24-18






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.03.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоова
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: