Караколдо окуучу мектептин 2-кабатынан кулады. Бала ага "салык" салган балдардан качыш үчүн секиргени айтылууда
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Киров атындагы орто мектебинин окуучусу аталган окуу жайдын 2-кабатынан кулады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти. Укук коргоо органынан кабарлашкандай, учурда бала үйүндө, аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Аталган мектептин SUPER.KG'ге берген маалыматына ылайык, жабырлануучу бала 9-класстын окуучусу. "11-класстын окуучулары ага "салык" салып коркутушуп, эшиктин алдында күтүп турушкан. Бала мектептин 2-кабатынан секирип, качып кетүүгө аракет жасаган. Жыйынтыгында анын бели сынган",- дешти окуу жайдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-2

Суротун коруп коментарий окуй бербей маалыматы да окуп койсон. Мына Укук коргоо
органынан кабарлашкандай, учурда бала
үйүндө, аталган факт боюнча тергөө
иштери жүрүүдө.