super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: Америкалык ырчы Леди Гага 30 жашка чыкты

 

Мындан 30 жыл мурун америкалык ырчы, музыкант, обончу “Грэмми” сыйлыгынын 5 жолку ээси Леди Гага АКШнын Йонкерс шаарында туулган. Ырчынын толук аты-жөнү - Стефани Жоанн Анжелина Жерманотта.

Мектепти аяктап, Нью-Йорк шаарындагы Нью-Йорк университетинин искусство бөлүмүнө тапшырган. Студент кезинде ата-энесинен жардам албай, өз алдынча акча табуунун жолун издейт. Ошентип, шаардагы түнкү клубдардын биринде официант болуп иштеп, кийинче­рээк стрипбарда бийлеп калат. Бул иши жөнүндө ата-энеси көпкө чейин билген эмес. Бир күнү атасы кызынын түнкү клубда жарым жылаңач бийлеп, элдин көңүлүн ачып жатканына күбө болуп калат. Ошондо Анжелина атасына “бул менин жашоом, мен өзүм билгендей жашайм” деп коёт.
Леди Гага 2006-жылы Фьюзари Роби аттуу продюсер менен таанышып, чогуу иштешип калат. Роби Анжелинага сахнага өз ысымы менен эмес, Леди Гага деген лакап ат менен чыгууну сунуштаган. 2008-жылы сары чачтуу саркеч кыздын талантын, өзгөчө стилин Голливуддун супер жылдыздары Ферги, Бритни Спирс, Мадонна сыяктуу ырчылар баалап, ыр жазып берүүнү өтүнүшөт. Гага мындан, албетте, баш тарткан эмес.
Ошентип, Леди Гага атактуулукка жетип, “Just Dance“ (“Жөн эле бийле”), “Poker Face“ (“Таанылгыс жүз“) ж.б. көптөгөн хит ырларды жараткан.

28-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: