super.kg logo

Турмуштун ачуу чындыгын тамаша аркылуу жеткирген куудул Борончу Кудайбергенов концертинде элди бирде ыйлатып, бирде күлдүрдү (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 28-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында куудул Борончу Кудайбергеновдун 50 жашка чыгышына жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына байланыштуу "Борончу 50 жашта" аттуу жеке отчёттук концерти өттү. Анда куудул жаңы тамашаларын айтып, элди бирде ыйлатып, бирде күлдүрүп жатты. Куудулду 50 жылдыгы менен куттуктап келишкен сахналаш ага-достору каалоо-тилектерин айтып жатышты.

"Көп нерсени айталы дейбиз, бирок рамканын ичиндебиз",- деген куудул Рахман Разыков Борончуга сахнада "Кыргыз Эл артисти" деген наам тапшырды. Бирок кайра: "Президент кол коё элек, сен ансыз деле элдин уулусуң. Көрсө, наам берген оңой эле турбайбы. Бир даана кагаз кетет экен",- деп куудулдун колунан баракчаны алып Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тийишип өттү. "Борончунун концертине келбейт элем, карызмын. Себеби менин да 50 жылдыгыма келген",- деген Жамбыл Камчыев Борончуга "Күлдүргүч" деген медаль такты.

Үй-бүлө, ата-эне, кайнене-келин, жаш-кары жана башка турмуштагы ачуу чындыктарды куудул юмор аркылуу берип жатты. Ата-эненин кадыр-баркы, мээрими тууралуу айтып, өз энесин, атасын эстеген Борончу Кудайбергенов: "Азыр ата-энем болгондо "ата, апа, мен 50гө толдум" деп беттеринен сүймөкмүн. Төргө отургузуп, сыйламакмын, бирок азыр алар жок. Ата-энени көзү барда сыйлайлы, унутта калтырбай жанында бололу, жок дегенде телефон чалып турууну унутпасак",- деп көзүнө жаш алды. Ошондой эле жубайына арнап "Жубайыма" деген ырын аткарды.

Бир да саясат тууралуу кеп козгобой, жалаң турмуштан алынган окуяларды айтып, ыр ырдаган Борончу Кудайбергеновдун концерти 2,5 саатка созулду. Эл суратпай дүркүрөтө кол чаап, бирде күлүп, бирде муңайып, концерт соңунда баары шаңдуу тарашты.






Борончу Кудайбергенов өзү жалгыз эки саат концерт коюп, 50 жылдыгын белгиледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(20)
28.03.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Залда адам саналуу элего.
Концерт жакшы болгон окшойт, баарына бирдей ийгилик
29.03.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мискенбай барыптырбы? Ошону айткылачы
29.03.2016. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул концертин видиосун жакын арада коро алабызбы?
29.03.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
taalai9411, саламатсызбы!
Концерт колубузга тийсе эле, "Кинозал" бөлүмүнө жарыяланат.
29.03.2016. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам азго жарымы эле туугандары болсо керек чакыруу менен келген. Видеосун коруш керек экен. Тынар жокко болгондо дагы кобуроок келишмек.
29.03.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhumagul89,эмне Тынарын асмандан тушуптурбу эл коп келгидей!
29.03.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhumagul89, койчей калпеле экоону боло бербей итак эле сендейлердин айынан экоо урушуп атышат
29.03.2016. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Орундуктар бошго ошончо чогуу иштешип журуп Тынар келип куттуктап койсо болмок ойлойт окшойт жакшы кулдуром эле келе берет деп. Ичти оорута коздон жаш чыкканча кулдурсонда мындай мамиледе болсон эл сени таштап кетет таш ыргытканга аш ыргыт.
29.03.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulan.zhoroev, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 2 күн БАН!
29.03.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу байке чындыгында жакшы кулдурот, чындык турмуштан алып айтат баарын. Бир жолу концертине барып кечке боорду эзген. Молодец.
29.03.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Belek2070, талкуудан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
29.03.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар барып койбоптурда....
экөөнө ынтымак .
SUPER.KG видео
29.03.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда болмок бармакмын концертине
SUPER.KG видео
29.03.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорду эзген казак КВНчиси Турсунбек Кабатов деген бар. Тойдогу жаш курак жонундо Турсунбектин аткаруусунда алда качан коргом. Чынын айтыш керек элди зордоп кулгузосунор.
Медиа-портал
30.03.2016. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт жакшы болгон окшойт,агайга чын ден-соолук,кудайым ошол 70,90жашка чыксам деген тилегинизге жеткирсин!
Медиа-портал
30.03.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун болсо керек толугу менен эртереек чыкса экен
Медиа-портал
30.03.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кандайдыр бир, напряга деп коебу? Ошондой сездим(имхо), достору менен эле койсо жакшы болмок. (Лолу тарынса куржунуга зыян) Эл да коп келмек, озу да мынчалык кыйналып, эки саат тик турмак эмес. Артис болгон сон баарына чыдаш керек)) чыгармачылык иштерине ийгилик! Эллуу жашы кут болсун!
Медиа-портал
31.03.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Борончуну борондой кылып суйлото алган Тынар болчу да . Тынардан калып кетпейин деп аракет кылып озунун кантип суйлоп жибергенине ишенбей озунун суйлогон созуно озу кулчу
SUPER.KG видео
31.03.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт жогорку деңгеелде өткөн окшойт азаматсыз Борончу байке!
Медиа-портал
20.04.2016. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En sonun kuudul bar bolunuz!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: