Башкы прокуратура Үңкүр-Тоо боюнча өкмөттүн протоколун текшерет
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 29-мартта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан станцияны башка жерге көчүрүүгө тийиштүү маселени карады. Жыйынтыгында комитет өкмөткө буларды сунуштады:
- Аксы районунун Үңкүр-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана станциянын ишин күчөтүү.
- Бул боюнча өлкө жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
- Башкы прокуратурага премьер-министр өткөргөн кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү.
- Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине аталган маселелер боюнча толук маалыматтарды 2016-жылдын 20-апрелине чейин жөнөтүүсү зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
5

