super.kg logo

"Москвада мекендештерин тоноп жүргөн" деп шектелип Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунун тургундары кармалышты

 

Москвада кыргыз жарандарынын батирине кирип каракчылык кылган жаран кармалды. ИИМдин билдиришинче, 2-марттан 24-мартка чейин Москва полициясына азиат түспөлүндөгү жигиттин куралчан каракчылык кылып жүргөнү тууралуу көп кайрылуу түшкөн.

8-мартта Москвада жашаган кыргыз мамлекетинин жаранына 25 жаштардагы жигит менен кыз (өздөрүн күйөөсү жана аялы катары тааныштырып) кайрылып, үйүнө түнөтүүнү өтүнүшкөн. Үй ээси ичкери киргизгенден 15-20 мүнөттөн кийин кыз менен жигит чүмбөт кийишип, үй ээсин - 53 жаштагы аялды бычак менен коркутушуп 16 500 рубль акчасын, 20 000 рублдук планшетин, 3 500 рублдук эки телефонун алып кетишкен.

Ушундай эле даттануулар 13, 17-март күндөрү башка жарандардан да түшкөн. Полиция 29-мартта аталган кылмыштарга шектүү адамдарды кармады. Маалыматка таянсак, шектүүлөр: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1993-жылы туулган тургуну С. уулу Э. жана Өзгөн районунун 1989-жылы туулган тургуну И.Н.

Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык тапанча, 6 даана уюлдук телефон, планшет жана башка буюмдар табылган. Учурда тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(40)
30.03.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Акмактар! Байкуш кыргыздар ошол жерде мээнет менен нан таап журушсо, буларды кара! Кудай берсин жазанарды!
30.03.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ана Массссквааа мына Масссквааа....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: