super.kg logo

Раянын көчөттөрү

 

Рая ТөлөгөноваЖаз алды багбан-дыйкандардын баары айдап-себүү менен алек. Рая Төлөгөнованы да көчөт бактарын көзөмөлдөп жүргөн жеринен жолуктук. "Биздин жумуш башталды. Элди сапаттуу көчөттөр менен камсыздашыбыз керек, жаз келди, тыным жок. Бизде азыр алманын 7-8 сорту бар, алмуруттун, өрүктүн, алчанын, кокон гиластын көчөттөрү сатыкка даяр. 5 гектар жерди алакандай бош калтырбай толугу менен иштетебиз. Улам жаңы сорттор менен толуктап, изденип, селекциялык иштерди колго алуудабыз",- деп оюн ортого салды агроном.

Барскоон айылынын тургуну Рая Төлөгөнөва - тажрыйбалуу агроном. Ал эмгек жолун 1975-жылы Покровка айылындагы мөмө-жемиш питомнигинен баштаган. 1987-жылы Барскоон айылынын көл жээгинен 5 гектар өздөштүрүлбөгөн жерди питомник үчүн бөлдүрүп алып, бүгүнкү күндө какыраган таштуу жерди саябалуу бакка айлантып отурат. Учурда Раянын питомниги - жеке эле Жети-Өгүз району эмес, көл өрөөнү боюнча алдынкы питомниктердин бири.

Карагат көчөттөрүҮч жыл мурун карагаттардын жаңы сортторун "Карагат+" долбоорунун жардамы менен алып келип отургузган. Долбоордун эсебинен Польшадан алынып келинген 3 түрлүү 33 түп карагат көчөтү берилген. Бүгүнкү күндө алардын саны 10 000 түпкө жетти.

"Карагаттын көчөттөрүнө талап абдан көп болуп жатат. Жеке эле көлдүктөр эмес, Нарын жергесинин жакынкы райондорунан да кардарлар кайрылууда. 10 000 көчөттүн баарынын ээси бар, көпчүлүгү акчаларын алдын ала төлөп кетишкен. Анткени Польшанын карагаттары дандуу, түшүмдүү келет экен. Эң негизгиси, терилгенден кийин 3-4 күн эч бузулбастан сакталып, алыска ташып жөнөтүүгө абдан чыдамкай. Биздин чейрек кылымдан берки отургузуп келген жергиликтүү карагатты баарыбыз билебиз, бүгүн терсең, эртең менен эзилип жараксыз болуп калат. Ал эми бул карагаттын даамы да таттуураак болуп, кыям-компотторду даярдоодо кумшекерди анча көп талап кылбайт",- деп сөзүн улады Төлөгөнова.

Рая Төлөгөнова иш үстүндөКарагаттын көчөттөрүнөн калемче кесип алып көбөйтүү, ага мүнөздүү илдеттер менен күрөшүү боюнча маалыматтарды окуу борборлору тарабынан уюштурулган семинарлардан окуп үйрөнгөн.

Ошондуктанбы, калемчелердин дээрлик баары өнүп, жергиликтүү аба шартын жеңил кабыл алып, 90 пайыз өсүмдүүлүгү жогору экен. Карагаттын баасы жылдан жылга көтөрүлүп жатат, ошол себептен багбандар тарабынан да кызыгуу өсүүдө. Анын үстүнө карагат Кыргыз Республикасы боюнча Көл өрөөнүндө, анан Нарындын жылуураак райондорунда гана өсөт экен. Аны багбандар республиканын аймагынан тышкары Казакстан, Орусияга чейин алып барып, жакшы киреше таап алышууда.

Рая Төлөгөнова карагаттын жаңы сортторун жайылтуу боюнча долбоор быйыл соңуна чыгып жатканын айтып, жакында Польшадан алманын жаңы көчөттөрү алынып келинип, көбөйтүү боюнча долбоор ишке киришсе, ага да ийгиликтүү катышсам деген оюн айтты. Союз тарагандан бери кыргыз жеринде мөмө-жемиштердин жаңы сорттору боюнча алгылыктуу иш-аракет болбой келгенине токтолуп, жакындан бери аз болсо да жандануу болуп жатканына кубанарын жашырган жок.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
30.03.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Маладец эжеке!!! Тапкан тутканынызга Аллахым береке берсин!!!
30.03.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кырманыңызга береке берсин! Номерин берип койсоңор сонун болмок
30.03.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карагат+ Кумтөр уюштурган долбоор, алтындан да ушундай берген жардамы жакшы болатат карапайым элге...
30.03.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
молодец эже экен! мен да огородума карагаттын ушундай сортун эксемби деп калдым. кочотторун кайдан алсам болот?
30.03.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Көчөттөрдү өстүргөн питомниктер
Барскоон – Тологонова Рая
Тел.: + 996 777 48 88 35
· Кызыл-Суу – Абдыкеримов Чыныбек
Тел.: + 996 772 56 71 77
· Челпек – Усоналиев Болот
Тел.: + 996 551 56 99 56
· Чолпон-Ата – Сыдыгалиев Тагай
Тел.: + 996 550 01 44 00
· Тору-Айгыр – Талыпказиев Субан
Тел.: + 996 779 23 63 28
30.03.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
0555692943
0705692943 Нуриля Кызыл-Суунун Питомнигинде остурот
30.03.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адал эмгек берекелүү болсун .
30.03.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эжебиздин колуна куч кубат ишине береке берсин.Чыныгы меенет менен тапкан акчасын ар дайым жакшылыга жумшасын.
30.03.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырманына береке
30.03.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ак мээнеттин узурун корсун
30.03.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз эже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: