super.kg logo

4 жаштагы кыз атасы сабаганын айтып берди (фото)

 

Сокулук районунун тургуну мас абалында 4 жаштагы кызын сабап салганын кыздын апасы Индира айым 30-мартта SUPER.KG'ге билдирди. Индира айым жолдошунун үстүнөн даттанып, Сокулук райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылганын айтты.

"Жолдошумдун үстүнөн милицияга арыз жаздым, ал дагы кызым тарткан азапты тартсын. Менин биринчи жолдошумдан эки, экинчи жолдошумдан 3 балам бар. Азыркы жолдошумдан төрөгөн улуу балам 5ке, андан кийинки кызым 4кө, кенже кызым 1,5 жашка чыкты.

Мен жумуштан келсем, 4 жаштагы кызымды атасы мас абалында табарсыкка катуу нерсе менен чапканбы же тепкенби, көгөрүп калыптыр. Кызымды соттук-медициналык экспертизадан өткөрөм, дарыларына кеткен чыгымды төлөп берсин",- деди ал.

Бул учурда 4 жаштагы наристе өзү да кепке аралашып: "Атам мени урду, башым ооруп жатат",- деп айтып берди.

Милиция бөлүмүндө жолдошу суракка алынып, андан соң үйүнө коё берилди. Милиция бөлүмүнөн: "Ишти кароо үчүн алгач соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы керек",- деп жооп кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(35)
30.03.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Байкуш балада эмне күнөө?алыңа жараша ичпейсиңби?ичсеңда үнүң өчүрүп кирип жатып албайсыңбы!азыр бирөөгө зар бирөөгө кор дүйнө болуп жүрөгү оорубаган зөөкүрлөр күн сайын көбөйүп жатат(((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: