super.kg logo

"Кара-Балтада 9 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп өмүр бою эркинен ажыратылгандардын жактоочулары сот чечимине нааразы болушууда

 

"Кара-Балта шаарында 9 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн" деп өмүр бою эркинен ажыратылган Александр Зюзин менен Виталий Ивженоконун жактоочулары соттун эки адамды бирдей өмүр бою эркинен ажыратуу чечимине макул эместигин 30-мартта маалымат жыйынында айтып чыгышты. Жактоочулар Башкы прокуратура 8 жылдан бери аталган факт боюнча кылмыш ишин карап, кайра жаап коюп жатканын билдиришти.

“Күнөөсү далилденбеген эки адамды бирдей күнөөлөп, өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүн эмес. Эки жолку соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы эки башка чыккан. Азыркы тапта экспертизаны чет мамлекеттен өткөрүүгө уруксат жок болууда. Эгер бул иш кайра каралбаса, биз эл аралык уюмдарга кайрылууга мажбур болобуз”,- дейт жактоочулардын бири Эркин Саданбеков.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 10-мартында 9 жаштагы кыздын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Кара-Балта шаарынын тургундары И.Виталий, З.Александр аталган фактыга шектүү катары кармалышкан. Кийин Жайыл райондук сотунун чечими менен алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Бул өкүм менен макул болбогон тарап облустук соттун кароосун өтүнгөн. Чүй облустук соту Жайыл райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.03.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура чечим. Буларды олум жазасына тартыш керек болчу
30.03.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жактоочуларлды кошуп камаш керек.Бул жактоочулар куноосу барбы жокпу карабайт да.Акчасын бергенди коргой беришет.Кичинекей кызда не куноо
30.03.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо да андайларды олтуруп же ташбаранга деле алып салышса болмок алы жокторду кыйнап зоордуктап олтуруп жаткандан кийин
30.03.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу жактоочу Э.Саданбеков ушундай мыкаачы зоокурлорго жактоочу болбой эле койсонуз жашоонуз токтоп калабы?!
31.03.2016. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо биригип зордошсо,мыкаачылык менен олтурушсо анан бири акталып чыгыш керек бекен?
Саданбеков олгон кызды,жаш наристенин убалынан коркпойт бекен?
Деги бул актоочунун адамкерчилик сапат деген,жашайт бекен?Ошол наристенин зордолгонун,кордолгону ал учун кеп эмес окшойт....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: