Бишкекте "алдоо жолу менен иштетип, маянасын бербей койгон" деп шектелген жаран кармалды
Бишкекте "алдоо жолу менен иштетип, маянасын бербей койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Аламүдүн районунун 22 жаштагы Д.Е. аттуу тургуну кайрылган. Ал чала таанышы Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кичи базарда алдоо жолу менен иштетип, 15 миң сом айлыгын бербей койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Байтик айылынын 26 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнүн бир нече башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Paul

31.03.2016. 02:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как всегда иликтоо иштери журудоо!!! Жанылыкты толук жазсанар!!! Шашпай маалыматты толуктап жазсанарчы!!! Урматтуу Супер Инфо!!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.