Ош облустук ооруканасынын дарыгери 6000 сом пара алып жатканда кармалды
Ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн жарандардын биринен 6000 сом алып жаткан жеринен Ош облустук аймактык ооруканасынын дарыгери И.К. кармалды. ИИМдин билдиришинче, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, акча талап кылып жаткан дарыгерге чара көрүүнү өтүнгөн. Дарыгер аталган жарандан 12 000 сом сураган, акчанын жарымын алып жаткан учурда Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Факт боюнча кылмыш иши ачылды, учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Медицинада баары эле акча эмес, I-II топтогу майып, баатыр эне, пенсионер 70жаштан жогору, дагы кээ бир статусу бардарга гана бекер. Бул закон ченемдүү. Эх энштейн , жашоодогу эрежелер өзгөргөн. Бекер деген оозеки эле, иш жүзүндө гбаары акча.
Бекер кызматтарды санап бериңизчи ирээти менен
Качан түшүнөт эл союз учуру бүткөн, мурдагы бекер иштеген врачтар жок. Азыр элдин пейилине жараша врачтар келген. Ошол врачтар силерге окшогон элдин арасынан чыккан. Аш менен урсаң, аш менен урат, таш менен урсаң таш менен урат. Укугуңу айтып талашсаң, пошел дейт. Себеби денсоолук ар кимдин өзүнө керек. Жакшы мамиле кылып, сылык сүйлөгөн оорулууга ошондой мамиле жасалат.
Айткылачы эмне себептен врач силерди бекер дарылаш керек ? Врач да кадимки адам силерге окшогон. Бир операция жасап, ал адамды сакайтып чыгарыш үчүн канча нерв, канча мээнет керек ? Аман эле болгула нытики
Негизи мен көп нерсени ачык жазып салып жаман көрүнүп жатам, бирок чыныгы жашоо жогоруда жазганымдай эле. Ар ким өз билгениндей жашап жатат. Сиз ойлогондой жашаса, Бишкекте 3000-4000 сом алып иштеген кандидат доктор профессорлор ач калып өлүп калат. Айлык аздыгынан, ичи таар адамдардан жаштар кетип жатат башка элге кызмат кылам деп.
7 жыл окуп(кеткен расход чексиз)100 000 ашык пара берип ишке кирип,05 ставка менен иштеп,2300 зарплата алат.Врач акча алышы керек билиминин баасын билуу учун,оорулуу акча бериши керек ден соолугунун баасын билуу учун.Мамлекет норм акча толоп койсо,ошол врачтар кирген адамдын чонтогуно карабайт болчу.
Ошол врач канча өмүрүн арнады окууга, келечекте жакшы жашайын деп. Канчалаган ата энесинин акчасы кетти. Эми эмнеге мээнетинин үзүрүн көрбөйт
Rifle_3, эскертүү!
AlbertEnshtein, эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Качып кеткендер толтура. Пациент качып кетсе врач күнөөлүү эмес, врач кароолчу эмес.
Мага жаман айткандар, мени эчак эл баалап алган. Ишим да, жашоом да жакшы. Силердин акчаңарга көз каранды эмесмин, мага өздөрү алып келе тургандар бар жана ыраазы болуп алып келет. Бекерди каалагандар аман болгула, жашоо талап өзгөргөн,эске алгыла.