super.kg logo
  Саясат  

Депутат кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу жыйын эмнеге жабык өткөнүн "коом туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн" деп түшүндүрдү

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров кечээ, 30-мартта кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу Жогорку Кеңештин жыйыны эмнеге жабык өткөнүн SUPER.KG порталына түшүндүрдү.

"Бизде "парламентте баары эле ачык-айкын болсун" деп айтылбайт. Кээ бир сырдуу маселелер жабык түрдө каралат. Мындай көрүнүш бардык мамлекеттерде болсо керек. "Демократиянын атасы" делген Америка Кошмо Штаттарында дагы сенаттарда жана конгресстерде сырдуу маселелер жабык эшиктин артында талкууланат. Кээ бир эл билбеген сырдуу нерселер журналисттерге ар түрдүү жетип калышы мүмкүн. Мындан улам коом туура эмес түшүнүп калышы ыктымал",- деди Зулпукаров.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт кыргыз-өзбек чек арасы жана Үңкүр-Тоо боюнча маселелер тууралуу маалымат берген. Депутаттар добуш берүү аркылуу жыйынды жабык эшиктин артында өткөрүүнү чечишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: