super.kg logo

Аялуу аялдар жайы

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Аялдардын психоневрологиялык жатак-үйүндө учурда 238 оорулуу аял мамлекеттин камкордугуна алынып жашап келет. Алар республикабыздын бардык аймактарынан алынып келинген. Арасында тубаса оорулуусу бар, кийинчерээк ар кандай кырсыктардын кесепетинен акылынан тайгандары да бар. "Бул жерде баспагандар, "байлатма" деп койгон эң оор оорулуулар да жашайт. Тагдырдын жазмышы менен мындай ооруга чалдыккандардын кээ бири дүйнө капар, кээ бири эмне ичип-жегенин да билбей калышат",- дейт аталган жайда 30 жылдан бери эмгектенген Бейшекан Абдраманова.

"Алар өмүрү өткөнчө ушул жерде калышат. Айрымдарын акыркы сапарга ушул жерден узатабыз, анткени тууган-тушкандары өлгөндү кой, тирүү кезинде эле баш тартышкан. Кээ биринин ата-энесинин, бир туугандарынын колунда бар, аттуу-баштуу эле адамдар, бирок жүрөктөрүндө жылуулук жок, таш боорлор",- деп кошумчалады.

Жатак-үйүндө 100гө чукул адам эмгектенет. Алардын жумушу абдан оор. Бейтаптарга тынымсыз көзөмөл керек. Жазында, күзүндө дарты күчөп, албууттанып, ээ-жаа бербей калышат экен. Андай учурларда түйшүктөрү эселеп көбөйөт. Аларды алаксытууга эмгек терапиясын колдонушат. Сүрөт тартышат, түймө түйүшөт. Тикмечилик менен алектенишет. Ыр-бий ийрими иштеп, майрам күндөрү өнөрлөрүн тартуулашат.

"Биздин мекеменин имараты эски, жылына жалпы жамаат менен бирдикте оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп келебиз. Айрыкча санитардык түйүн, даараткана маселеси кыйнап келген. Бул боюнча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 2,5 миллион сом бөлүнүп берилген. Ал каражатка бардык шарттары бар санитардык түйүн курулуп бүтүп калды. Кир жуучу жай, жаңы ашкана да ишке берилгени жатат. Жеке эле майыптарга ыңгайлуу шарт түзүлбөстөн, жамааттын да жүгү кыйла жеңилдемей болду",- деп билдирди аталган мекеменин директору Нарынкүл Үсөнбаева.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Кумтөр" ишканасынын дүң кирешесинин 1 пайыз үлүшү Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которулуп турат. 2015-жылы 7 миллион доллардан ашуун каражат түштү.

Мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген акча каражаты бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жетишсиз экен. Камкордукка муктаж аярлуу катмардагы аялдарга күзгү-кышкы бут кийим, айрыкча кышкыга жылуу сырт кийимдер, кир жуучу каражаттар жетишпейт. Эң негизгиси, адамдык жылуу мамилеге, кайрымдуулукка зар. Ошондуктан кайдыгерлик каптаган бүгүнкү күндө тагдыры талкаланган майыптарга жардам берүүнү унутпасак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.03.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Тилегеним ал жерде эч ким калбай келечекте ушул иш кана эч ким жок деп жабылып калсын.
31.03.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
lolo.1,Айтканын келсин.
31.03.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
lolo.1,Кудай тилегине жеткирсин. Садаган кетейин.
31.03.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ofiser26,оомийн
31.03.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ысык кол фондусуна тушкон каражаттан Жаштарды онуктуруу иш чараларга кобуроок сарпташса жакшы болмок эле.
04.04.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Magusi,кумтордун кирешесинен 1% коп эле каражат болот. Бирок жергиликтуу бийликтин эффективдуусуз иштегени ошондой натыйжага алып ведет. Негизи кумтор баштаган жаштар учун долбоорлор дотациядан чыга башташат. Дотациядан чыгуу иштерин ийгиликтуу алып баратканын корсотот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: