Бишкекте спорт аянтчасынан уюлдук телефон жана 16 миң сом уурдоого шектелген эки шаар тургуну кармалды
Бишкек шаарында спорт аянтчасынан уюлдук телефон жана 16 миң сом уурдоого шектелген эки шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы С.Ч. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 17:30 чамасында Ак-Босого жаңы конушунда жайгашкан спорт аянтчасынан белгисиз адамдар 8800 сомдук уюлдук телефонун жана 16 миң сом акчасын алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Ж.Э. жана 19 жаштагы Б.Б. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aidowi

31.03.2016. 21:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Криминал кундон кунго осуудо.Эми оз жерибизде кочодо баса албай калабыз го бул темпте кетсек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.