super.kg logo
  Саясат  

Президенттин кызы Алия Шагиева атасынын фамилиясынан баш тартканын билдирди

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнө карата социалдык тармактарда айтылган сындарга жооп кайтарды. Шагиева өзү тарткан сүрөттөрүн сатуудан түшкөн акчаны жакында кайрымдуулукка жумшаган, бирок мындай аракетин "өзүн жарнамалап жатат" деп сындагандар чыкты.

Президенттин кызы айтылган сындар катуу тийгенин, бирок өзүн жарнамалоо ниети жоктугун айтат.

"Өмүр бою апамдын фамилиясында жүрөм. Туугандык байланыштарым үчүн гана мага кызыккандар болбосун деп жакында паспортумду алмаштырганы жатам. Мунун айынан кандай психологиялык маселеге кабылганымды досторумдан сурап көрсөңөр болот. Мектепте сабак учурунда туура жоопту билсем да колумду көтөрбөгөн учурлар болгон. Башкалар "өзүнө көңүл бурдургусу келүүдө" деп ойлошпосун дечүмүн. Мындай майда-чүйдө нерселер менде миллион. Бирок өзүмдү өзүм басынткым келбейт, дегеле бул темага кайрылууну каалабайм",- деп жазды Шагиева социалдык тармактагы өздүк баракчасына.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: