Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 2-апрелден 4-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай сунушту кытай тарап Каза болгондорду эскерүү күндөрүн белгилөөгө байланыштуу киргизди. Аталган пункттардан жүк ташуучу унаалар жана адамдар 5-апрелден тарта өткөрүлө баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.