super.kg logo

LG компаниясы КМШ өлкөлөрү үчүн жаңы үлгүдөгү OLED-сыналгыларын сунуштады

 

LG Electronics компаниясы бүгүн, 1-апрелде Lotte мейманканасында 2016-жылкы техникаларынын бир катар үлгүлөрүн сунуштады. Алардын арасында жука 2,4 мм экраны менен уникалдуу OLED-сыналгылары, 43төн 86 дюймга чейинки SUPER UHD жана UHD сыналгылары жана Full HD сыналгыларынын жаңыланган бир катар үлгүлөрү бар. Аудио жана видео продукциялар DJ-эффект X-Boom суперкубаттуу мини системи, саундбарлардын жаңыланган үлгүлөрү, жаңы музыкалык систем жана зымсыз портативдик колонка менен тартууланды.

LG компаниясы Орусия рыногуна 55, 65 жана 77-дюймдуу жалпак экрандуу OLED-сыналгыларын чыгаруу менен колдонуучулардын кеңири катмары үчүн OLED-сыналгыларын чыгаруучу жалгыз өндүрүүчү экенин тастыктады. OLED-сыналгыларынын бардык үлгүлөрү түстөрдү укмуш сапатта бергени менен айырмаланат. LG компаниясынын жаңы тизиминдеги бардык OLED-сыналгылары HDR – Dolby Vision жана HDR10 эң заманбап стандарттарды кармайт. Мындан тышкары OLED-сыналгылары harman/kardon® компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан көп каналдуу аудиосистем менен жабдылган.

Жаңыланган X-Boom мини системиндеги үлгүлөр укмуштуу кечти түзүү үчүн жаңы функциялар менен жабдылган. "Акселератор вечеринки" функциясы кубаттуулукту 4800 Вт деңгээлине жана жарыктуулукту максималдуу чекке чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Быйыл компания тигинен жайгашкан кубаттуу X-Boom Solo аудиосистемин сунуштайт.

Өткөн конференциядагы дагы бир жаңычылдык тигинен жана капталынан жайгашкан FH6 музыкалык аудиосистеми болду. Компания тарабынан тартууланган саундбарлардын жаңы үлгүлөрү минималисттик дизайны жана жогорку сапаттагы материалда жасалганы менен айырмаланат.

Толугураак маалымат бул сайтта: http://www.lg.com/kz/press-releases/01042016pressrelease


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(8)
01.04.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстанга неге алып келбейт
01.04.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуштуудай эле нерселер чыгап жататго.
02.04.2016. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир телефизор турду 5млн р дейтго, крыша тайып калды%)
02.04.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны эле модага жеттик деп, эптеп акча топтоп, акыркы улгудогу техниканы алып жетишкенче, ал модадан калып, кайра жанысы чыгат.
02.04.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал телефизорду кордун не жонокой телефизорду кордун не? баары бир нерсени корсотот))))
02.04.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oceana,Анда сиз россвет деген телевизор барго ошону койуп коро бериниз))
02.04.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Телевизор деп жаза албасанар сыналгы деп эле жазгыла
04.04.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalai9411, сын-пикирди admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: