Казакстанда артисттердин жарым жылаңач сахнага чыгуусуна каршы болуп Маданият жана спорт министрлигине кат жолдогондордун саны 4 миңге жеткен

Казакстандын Маданият жана спорт министрлигине маданият өкүлдөрүнүн сахна кийимин көзөмөлдөө боюнча 4 миңден ашык кайрылуу түшкөн. Министр баш болгон министрликтин кызматкерлери кеңешип, бул сунушту жөндүү деп табышкан.
Казакстандык басылмалар кабарлашкандай, учурда артисттердин сахнага кыска кийим кийип чыгуусун чектөө боюнча сунуш парламентке жиберилди. "Эл кийинки муунду тарбиялоодо сахна адамдарынын ролун эске алып, ушул нерсени сунуштап жатат. Эми артисттер сахнага тизеден өйдө келген юбка жана боорун жапкан көйнөк кийип калышы мүмкүн",- деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алына элек, бирок артисттер жана эл бул теманы кызуу талкуулап жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Анан фонограмма менен ырдагандарга да бир чара колдонуш керек. Музыка тв каналында чыккандарга таң калам. Сахнага чыгып ырдап жатат, же микрофону жок, же бир азыр булчуңдарын кыймылдатып койбойт чын ырдагандай кылып. Же белги болуш керек, фонограмма деп жазылган.