super.kg logo

Саякаттап, дүйнөнүн кооз жерлерин сүрөткө түшүргөн "National Geographic" басылмасынын фотографтары 4 күнгө кыргыз жерине келишет

 

Саякаттап, дүйнөнүн кооз жерлерин сүрөткө түшүргөн "National Geographic" басылмасынын фотографтары 6-10-май күндөрү кыргыз жеринде болуп, өлкөбүздүн кооз жерлерин сүрөткө түшүрүшөт. Сүрөтчү Андрей Каменев учурда Улуу Жибек жолу боюнча фототурга команда чогултуп жатат. Бул тууралуу аталган журналдын расмий сайтында кабарланат.

"Гүлдөгөн кызгалдактар, сыйкырдуу Ысык-Көл, Түндүк Тянь-Шань тоолорунун кар баскан бийиктигинен панорама (бийиктен көрүнгөн кең көрүнүш) алуу, Жети-Өгүз аскаларынын көркөмдүгү - бул фототурдун катышуучулары күткөндүн бир бөлүгү гана. Ошондой эле Улуу Жибек жолундагы үч багыттын бирөөсүн басып өтүп, байыркы тарых менен кездешүү жана "National Geographic Орусия" журналынын шеф-сүрөтчүсү Андрей Каменевдин кол алдында мыкты кадр жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт",- деп жазылат маалыматта.

Фотоэкспедициянын ар бир катышуучусу эстелик дипломун алат. Ал эми мыкты делген сүрөттөр "National Geographic Орусия" журналына жана алардын расмий сайтына жарыяланат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.05.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо мынча жакшы, бул каналдан дуйнонун эн кооз жерлерин коруп журобуз ошолордун ичинен биздин Кыргызстанды коргум келчу эле буйруса орун алат деген ишенимдемин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: