super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Өкмөт Максим Бакиев менен соттошуудан баш тартыптыр"

 

"Жакында парламенттер аралык достук тобу менен Улуу Британияга болгон иш сапарымдын жүрүшүндө, биздин өкмөт аталган өлкөдө жашаган Максим Бакиевге карата соттук доодон баш тартканы тууралуу билип алдым",- деп бүгүн, 4-апрелде интернеттеги социалдык баракчасында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Эльвира Сурабалдиева жарыялады.

"Бул иш боюнча лондондук адвокаттардын кызматына кетчү чыгашаларды төлөп берүүгө акчабыз жок деп, биз бюджеттен уурдалган миллиарддаган акчаларды мекенге кайтаруу мүмкүнчүлүгүбүздү колдон чыгарып жатабыз. Жырткыч үй-бүлө өлкөбүздү башкарып жатканда канча адамдын өмүрү кыйылды... Канча жеке ишкер бизнесинен айрылды... Эмне болсо да, Лондон соту биздин сотторубуздан кыйла айырмаланат, мындан улам бул мамлекетте бюджеттен акча уурдагандар жазасыз калышпайт",- деп жазат Сурабалдиева.

Андан соң ал Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган экономикалык кылмыштар боюнча айыпталган Максим Бакиевге карата соттук дооматтын эскирүү мөөнөтү 2016-жылдын 6-апрелинде бүтөрүн баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: