super.kg logo

КҮНСЕРЕП: Кыргыз өкмөтү "акча жок" деп Максим Бакиевге каршы доодон баш тартыптыр...

 

Бүгүн, 4-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Аксы окуясынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул жарлыгы менен мамлекет башчы 2002-жылдын 17-мартын жана 2005-жылдын 24-мартын жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күндөрү деп жарыялоону өкмөткө тапшырды. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелин дем алыш күндөрүнүн катарына кошууну Жогорку Кеңешке сунуштады.

Түз мааниде караганда, өлкө башчынын бул кадамын тарыхты сыйлоо, элдин эркиндиги көтөрүлүп чыгып окко учкан азаматтардын эрдигине баш ийүү катары кабыл алууга болот. А бирок эмне үчүн 17-март менен 24-март дем алыш күн болбой, 7-апрель дем алыш болушу керек? Бул үч окуянын бири-биринен айырмасы эмнеде? Баарынын түпкү максаты элдин эркиндикке умтулуусу эмес беле? Бакиевдик "итчиликке" 7-апрель чекит койду делип айтылууда. Бирок ошол кездеги кээ бир аткаминерлер дагы деле жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Ал эми 7-апрель боюнча азыркы бийликтин моюнунда улуу милдет тагылуу бойдон. Ал милдет - кандуу окуяга байланыштуу сот ишинин акырына чыгып, окуяга укуктук баа берүү. Тилекке каршы, 6 жылдан бери күнөөлүүлөр жазаланбай келет.

Жаңы башкаруу системине - парламенттик башкарууга өттүк дегенибиз менен, Жогорку Кеңеш менен өкмөт дагы деле президентке кылчактап иш алып барууда. Мисалы, 7-апрелди дем алыш күн кылууга да президент өзү буйрук берип, парламент менен өкмөт муну үн-сөзсүз колдоп жатканы буга далил.

Америкалык басылма Кыргыз Республикасын дүйнөнүн эң кедей 50 өлкөсүнүн катарына кошту. Басылма рейтинг түзүүдө Дүйнөлүк банктын маалыматтарына таянганы айтылды. Өлкөнү башкаруудагы кемчиликтерди айткандар бийлик тарабынан куугунтукталып, алардын интимдик видеолоруна чейин коомчулукка жарыяланып жатат. Экс-муфтийдин жана белгилүү оппозициячыл маанайдагы журналисттин жеке жашоосуна тийиштүү видеолор буга далил.

7-апрель жакындаган сайын качкын Бакиевдер тынымсыз сөз кылынып, алардын жакшы-жаман жоруктары конференциялардын, жыйындардын, жөнөкөй чогулуштардын негизги темасына айланат. Салт быйыл деле бузулган жок. Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева атайын билдирүү жасады. Депутат Улуу Британияга иш сапары менен барганда кыргыз өкмөтү аталган өлкөдө баш калкалаган Максим Бакиевге карата соттук доо арыздан баш тартканы тууралуу билип калганын "Фейсбуктагы" жеке баракчасында жарыялады.

"Бул иш боюнча лондондук адвокаттардын кызматына кетчү чыгашаларды төлөп берүүгө акчабыз жок деп, биз бюджеттен уурдалган миллиарддаган акчаларды мекенге кайтаруу мүмкүнчүлүгүбүздү колдон чыгарып жатабыз",- деп жазды Сурабалдиева.

Чек арадагы окуяларга байланыштуу ансыз да үстөккө-босток коомдук соккуга туш болуп жаткан өкмөткө бул кошумча көйгөй жаратты. Өкмөттүн басма сөз кызматы дароо реакция жасап, депутат Сурабалдиеванын айткандарын четке какты. "Учурда сотко мындай доо арыз берүү маселеси каралып жатат",- деп билдирди. Аталган депутат деле жөн жерден сүйлөбөсө керек. Элдин эсебинен миллиондогон долларларды алып өлкөдөн чыгып кеткен Бакиевдер 6 жылдан бери өлкөгө экстрадицияланбай жатышат. Өкмөтүбүз болсо "акчабыз жок" деп доо арыздан баш тартып жатса... Кыргыз мыйзамдары боюнча экономикалык кылмыштардын мөөнөтү алты жылда эскирет. Демек, саналуу күндөрдөн кийин Максим Бакиевге тагылган айыптар күчүн жоготот.

Ысык-Көл облусундагы Өзбекстандын 4 пансионаты Кыргыз Республикасына өттү. Мындай чечим бүгүн, 4-апрелде өкмөттүн жабык отурумунда кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сөз Ысык-Көлдөгү "Рахат", "Дилором", “Бустон” жана "Золотые пески" пансионаттары тууралуу болууда. Бул чындап кайтарып алуубу же жашыруун кайсы бир жерлер үчүн "пайдалуу" алмашуубу убакыт өзү көрсөтөт. Же кагаз жүзүндө эле калып калбашына ким кепил болот? Анткени бүгүн маалымат булактарында Сариевдин жакынкы отставкасы тууралуу кабар тарады. Балким, бул Үңкүр-Тоодон "томолонгон" өкмөттүн абийирин сактап калуу жан далбасыдыр...

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов SUPER.KG порталына: "Өкмөттү отставкага кетирүүгө эч кандай негиз жок. Премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү кадимкидей эле иштеп жатышат",- деп жооп берди.

Кызыктуу бир билдирүүнү эске салалы... Парламенттин 15-марттагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев "премьер-министр Темир Сариевдин өкмөтү 2016-жылдын май айына чейин жашай албайт" деген пикирин айткан. Мындай сөздөр да жөн жерден айтылбайт, балким, жогору жакта Сариевдин тагдыры чечилип жаткандыр...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
04.04.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жагына эмне дейбиз
04.04.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сариевти иштин козун билген жетекчи катары сыйлачу элем, кийинки чек арадагы кылган жумушу, эми жаланкычты коз коруноо колдон чыгарганы жатышы коркоктугубу же оз жанынын тынчын коздогонубу кандай тушунсок болот.
04.04.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Санаторийлер бизге откону абдан жакшы кабар. Ал эми Максимди биз эмес АКШ убагында жоопко тарта албай койсо керек эле. Акаевдин артынан тушкон адвокат Либерман 500 000$ жеп кеткен го. Кыскасы, аларды жоопко тартыш...тунгуюк
05.04.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Take_men,Ал пансионаттар оттубу,отподубу аны айтуу кыйын,Озбектер жон эле берип койбойт,кызык Кыргыздардын Озбекстанда,Казакстанда эч болбосо ит кепеси бар бекен,жок,алар жол койбойт андайга,Колдогу пансионаттардын 90 пайызы Казактардыкы болуш керек.
tursunbaev2016 түзөттү 2016-04-05 01:02:23
04.04.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Үңкүр-Тоо ЭМНЕ болду туугандар? Бакиевдерди кармаш кыйын себеби алар көптөгөн чындыкты билишет ошого коркушат. Өздөрүнүн ыплас иштери көп азыркы бийликтин .
04.04.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Umar080814,акыйкатты айттын,азыркы бийлик озу соттон утулуп калышы толук мумкун
04.04.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өкмөт санаторийлерди Үңкүр тоого бартер кылган сыяктуу,алар жөн эле берип койбойт,ушундай элге каршы иштеген токтомдор кийин унутулгандан кийин,элге жетет,тилекке каршы ал убакта токтом чыгаргандар эбак ал иште иштебей калган,жоопко эч ким тартылбайт.
04.04.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына ушундай жызышынар керек. Э баракелде. Супер инфо! Кыскасы суперсинер!
05.04.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакиев айткан беле эгер соттор адилеттуу болсо Атамбаевтер мн дайармын соттошконго деп
05.04.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди кедей дебей озунду бил АКШ
05.04.2016. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык пансионаттарды кайтарып бергени табышмак го эмне себептен эмнеге айырбашташты экен алар кайдан ээ болушкан сатып алышса Жон бербей калсын озбектер,,,,
05.04.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен суперге бугун тан калдым,бийликтен коркпой чындыкты жазганына
05.04.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жазайын деген айтайын деген ойлордун баары супер кж аркылуу ушул темада жазылып отуптур,азаматсынар биринчи жолу окмотту элдин коомчулуктун маанайына карап сындап отупсунар. С.Жапаров айтты эле,пр министирди алмаштыруудан эч пайда чыкпайт эчнерсе озгорбойт,президентти алмаштыруу керек деп,ошондуктан айтаар элем Сариевдин да,башка окмот мучолорунун да ар бир баскан кадамы президент аркылуу чечилет эмеспи,демек олкобуздо кандай жагдай болбосун,президенттин жеке каалосу менен болот демекчимин.
05.04.2016. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой,кыргыздыр качан эле умутун узгон алардан. Ой,жогору жактагылар,болду эми! Калпты деле кечке айта берсен эч ким ишенбей калат. Кичине сактап-сактап айткыла.
05.04.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу супер инфо ҮҢКҮР-ТОО эмне болду билип бергилечи сураныч????
05.04.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umar080814, саламатсызбы!
Азырынча төмөнкү кабардан бөлөк маалымат жок:
http://www.super.kg/kabar/news/143637/
05.04.2016. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакиевдер менен соттошууга азыр убакыт жок болсода жеңилип калышат азыркы АШАнын бийлиги эгер соттор таза иштесе!!!
05.04.2016. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул пансионаттарды элди алаксытуу максатында чыгарып жатышат. Көрдүңөрбү мекендештер момун мусулман бир туугандар мен Бакиевдерди сүттөн ак дегенден алысмын чындык үчүн айтыш керек Бакиев президент болуп турганда Кыргызстанда алга жылуу байкалган бюджеттеги дифицит жоюлуп тышкы карыз эки эсе азайган Касмбар-Ата2 геси , датка кемин чордону курулган буга далил Текебаевдин: "Биз 2005-2010-ж бир топ алгылыктуу иштедик өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарына кошулдук " -дегени бар.
05.04.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирону сыздатып оз максатына жетиш учун биронун акын жеген дозоктун адамы дейт.Акаев менен Бакиев балким туура эмес иштерди кылганы учун аркы дуйно эмес бул дуйнодо оз мекенине келалбай жургону бир чоон азап.
05.04.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге килейген уч пансионатты ээлеп алышкан, толук ммалымат берип койбопсунар, кумонум бар пансионаттарды жон эле берип койбосо керэээк, жабык эшик артында дагы эмнелер болду, талкуулар дагы жабылып калды
05.04.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы элдик макалака чындыкты жазыптыр супер азаматсынар
05.04.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо азаматсыздар!!!мен сиздерди бийликтин арзыматы болуп кетпесе экен деп кумон кыла баштагам...жок андай эмес окшойт, калеминиздер курчуп,элдин гезити болуп журо бериниздер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: