super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн басма сөз кызматы: "Өкмөт Максим Бакиевге карата соттук доо арыздан баш тартты" деген маалымат чындыкка туура келбейт"

 

"Өкмөт мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге карата соттук доо арыздан баш тартты" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборуна таянып өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, учурда мындай доо арызды берүү маселеси каралып жатат.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева интернеттеги социалдык тармагындагы жеке баракчасында "Жакында парламенттер аралык достук тобу менен Улуу Британияга болгон иш сапарымдын жүрүшүндө, биздин өкмөт аталган өлкөдө жашаган Максим Бакиевге карата соттук доодон баш тартканы тууралуу билип алдым" деп жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: